Дубайда Кыргызстандын жараны А.Б. (Азиза Базакова — ред.) дайынсыз болууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Министрлик билдиргендей, аларга кыздын туугандары кайрылып, Базакова дайынсыз болуп жатканын, соңку маалымат боюнча ал Дубайдын аэропортунан чет жакка учуп чыгууну пландап жатканын айтышкан. Мындан улам Дубайдагы Башкы консулдуктун кызматкерлери аэропортко барган. Бирок кызды тапкан эмес. Алар Дубай шаарынын иммиграция бөлүмүнөн Базакова өлкө аймагынан чыкпаганын билишкен.
Башкы консулдуктун кызматкерлери тиешелүү органдарга кайрылып, Базакованы издөө иштерине көмөк көрсөтүүнү суранган. Консулдук тиешелүү органдар жана кыздын туугандары менен байланышта турат.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Дубайда кыргызстандык Азиза Базакова дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Ал сүрөтчү болуп иштейт, Дубайга жумуштары менен барган. Бирок кайтып келген эмес.
Соңку ирет ал курбусуна чалган. Анын үнү мукактанып чыккан. Байланыш 10 секунддан кийин үзулүп калган.