Дүйнө чемпионатындагы ийгилик үчүн кыргыз балбандарына автоунаалар тапшырылды
Кыргызстандык балбандарды дүйнө чемпионатындагы жогорку жетишкендиктери үчүн Федерация унаа менен сыйлады.
Кыргызстандын күрөш федерациясы 17–23-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча байге ээси болгон спортчуларды жана U-23 категориясында күч сынашкан балбандарды жаңы кытайлык Changan электромобилдери менен сыйлады. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине уюмдан билдиришти.
Күмүш медалды Бекзат Алмаз уулу менен Айпери Медет кызы утуп алышса, коло байге Эрназар Акматалиевге, Асан Жанышовго жана Нурзат Нуртаевага ыйгарылды.
Мындан тышкары, унаа менен эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Азат Мирахимов да сыйланды. Ал, ошондой эле Нурбек Изабеков жана грек-рим күрөшү боюнча мурдагы башкы машыктыруучу Уран Калилов менен бирге, кыргыз күрөш мектебин өнүктүрүүгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды даярдоого кошкон салымы үчүн акчалай сыйлыкка татыды.