Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады

Кыргызстандын каржы министри Алмаз Бакетаев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия аймагы боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолугушту. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Жолугушуу Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун 59-жылдык жыйынынын алкагында өткөн. Анда тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ага жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун ишке ашырууну талкуулашкан.
Жолугушуунун жыйынтыгында аталган долбоорго кошумча каржылоо боюнча жалпы суммасы 6,36 млн долларды түзгөн каржылоо жөнүндө макулдашууга жана Гранттык техникалык жардам жөнүндө катка кол коюлган. Анын ичинде Дүйнөлүк банктын 4,36 млн доллар өлчөмүндөгү кредити жана 2 млн доллар өлчөмүндөгү гранты бар.
Бул каражаттар бала бакчаларды оңдоого жана жабдууга, ошондой эле мектепке чейинки билим берүүнүн камтуусун көбөйтүү максатында имараттарды оптималдаштырууга жумшалат.