Дүйнө чемпионатына тандоо баскычы: Кыргызстандын атаандаштары аныкталды

Дүйнө чемпионатына тандоо баскычы: Кыргызстандын атаандаштары аныкталды

Кыргызстандын футбол курамасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычындагы атаандаштары аныкталды.

Бүгүн, 27-июнда Малайзияда Азия футбол конфедерациясынын кеңсесинде чүчүкулак тартылып, Азия чөлкөмүндө тандоо оюндарынын үчүнчү баскычына өткөн 18 команда 3 тайпага алтыдан бөлүштүрүлдү.

Натыйжада Кыргызстан А тайпасына жайгашты. Бул тайпага Түндүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Катар, Иран кирди.

В тайпасына Кувейт, Палестина, Оман, Иордания, Ирак, Корея, ал эми С тайпасына Индонезия, Кытай, Бахрейн, Сауд Арабия, Австралия жана Япония түштү.

Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагылар жарыштан четтейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>