Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
УКМК чек арачыларды кармады (видео)
27.06.2024 | 15:36
Жалал-Абад облусунун “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекетинин аскер кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, аскер кызматкерлери акча талап кылуу менен алектенген, аткезчилик жүктү алып өтүүгө жардам берип, акча алып жүргөн.
Атайын кызмат билдиргендей, 26-июнда акча алып жаткан жеринен өткөрмө бекеттин нөөмөт башчысы капитан А.О. жана анын кол алдындагы кызматкерлер кармалган.
Учурда бул ишке катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Бек-Абад” өткөрмө бекети 2009-жылы жабылгандан кийин 2023-жылы 1-сентябрда ишин жандандырган. Ал жерден жарандар, жеңил унаалар өтө алат. Товар ташып өтүүгө болбойт.