Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын келерки оюндары июнда өтөт

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын келерки оюндары июнда өтөт

Кыргызстандын футбол курамасынын дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагындагы соңку эки беттеши июнда өтөт.

Беттештердин бири 5-июнда Түндүк Кореяга каршы болот. Кыргызстан конокто ойнойт.

Ал эми экинчи оюн Бириккен Араб Эмираттары менен 10-июнда өтөт. Беттеш Бишкекте болот.

Эскерте кетсек, дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында Кыргызстан Өзбекстан, Катар, Иран, Түндүк Корея жана Бириккен Араб Эмираттары менен бир тайпага түшкөн. Кыргызстан 6 упай алып, өз тайпасында бешинчи орунда турат.

Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.

Азырынча Кыргызстанда тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына чыгып, дүйнө чемпионатынын жолдомосу үчүн ат салышууга аздыр-көптүр мүмкүнчүлүгү калууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>