Баткен облусунун Чек айылында 5 миң тургун үчүн жаңы суу түтүгү курулуудаАскерлерди өз үйүнүн курулушуна тарткан: Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүнүн командири кармалдыКиберспорт жана салттуу спорт: эки тармакты эмне бириктирет?КРда ЕАЭБден товар ташуу жана КНС эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте 21-октябрдан тарта № 6, 18, 23, 36 жана 169-автобустардын каттамы өзгөрөт«Манас» аэропортунда аянты 1 500 чарчы метр болгон мечит куруу пландалууда
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы суу чарба объекттери боюнча макулдашуу бекиди
26.03.2025 | 13:37
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы Суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу ратификацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзамга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Ал 19-мартта Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Макулдашуу эки мамлекеттин аймагында жайгашкан чарбалык жана энергетикалык объекттерге тоскоолдуксуз кирип колдонууну камсыз кылат.
Мындан тышкары үч дарбазасы бар башкы плотинаны жана Ак-Татыр/Мачои каналынын башкы суу алуучу курулмасын биргелешип иштетүү каралган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат