ЕБ Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин бекитти. Арасында эки кыргызстандык банк бар

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусияга каршы санкциялардын 19-пакетин бекитти. Алардын арасында эки кыргызстандык банк бар. Бул тууралуу биримдиктин сайтында жарыяланган документте кабарланды.
Маалымат агенттиктери жазгандай, бул чаралардын пакетине 2027-жылга чейин Орусиядан суюлтулган табигый газды импорттоого тыюу салуу, Кремлге Батыштын чектөөлөрүн айланып өтүүгө мүмкүндүк берген «көмүскөдөгү флот» деп аталган танкерлерди «кара тизмеге» киргизүү жана орусиялык дипломаттардын Европага сапарларына чектөө киргизүү каралган.
Санкциялар киргизилген ишкана, уюмдардын катарына эки кыргызстандык банк: “Толубай” акционердик коммерциялык банкы жана «Евразиялык Сактык Банкы» ачык акционердик коому бар.
Эске салсак, бул Кыргызстандын банктары чоң мамлекеттердин санкцияларына кабылып жаткан биринчи учур эмес. Буга чейин «Керемет Банк» алгач АКШнын, андан кийин Улуу Британиянын санкциясына кабылган. Андан соң ушул жылдын август айында Улуу Британиянын өкмөтү Кыргызстандын «Капитал Банкына» карата санкция салган эле. Аталган банктар Орусияга санкциялардан кыйгап өтүүгө көмөктөшкөн деп айыпталууда.
