Алимент өндүрүү боюнча сот чечимдеринин 60%дан ашыгы аткарылбайт«Эрезе» кыргыз тасмасы Сан-Паулу эл аралык кинофестивалынын программасына кирдиКылмыштан жабыркаган балдар кайра-кайра суракка алынуудаЭрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдө
Садыр Жапаров жана Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжао «Ала-Арча» паркына барышты
24.10.2025 | 18:32
Бүгүн, 24-октябрда, президент Садыр Жапаров жана дүйнөлүк ири криптобиржа Binance платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдады.
Бейформал жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик технологиялар жана тажрыйба алмашуу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Ошондой эле Кыргызстанда заманбап блокчейн чечимдерин киргизүү, эл аралык инвесторлорду тартуу жана өлкөнүн санариптик экономикасын өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту.
Президент Садыр Жапаров өлкө экономикасын санариптик трансформациялоо үчүн өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жана жогорку технологиялык долбоорлорду өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү маанилүү экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом


