Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Эки-Нарын көпүрөсү ачылып, каттам берилди
17.09.2025 | 18:20

Нарын районундагы Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы Эки-Нарын көпүрөсү ачылып, каттам берилгенин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тастыктады.
Көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу иштери жүргүзүлгөн. Андан соң негизги конструкция чогултулуп, монтаждоо иштери аткарылган. Учурда темир тосмолору жана тиешелүү жол белгилери орнотулуп, каттам берилди.
Алдыда көпүрөнүн кирүү-чыгуу бөлүгүнө жол элементтери (парапеттер) коюу иштери пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом