Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Ысык-Көлдүн фермерлери алмуруттун жаңы сортторун экспортко чыгарып жатышат
17.09.2025 | 17:50

Ысык-Көлдүн фермерлери алмуруттун жаңы сортторун экспортко чыгарып жатышат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунда быйыл алмуруттун түшүмү мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы болуп, сатып алуучулардын саны өстү жана баалар жогорулады. Алмуруттар азыр Алматы шаарына экспорттолуп жатат. Сатуучулар жемиштерди муздаткычтарда сактап, Жаңы жылга чейин сатууну пландашууда.
Бүгүнкү күндөгү болжолдуу базар баалары:
- «Токой» — 55–60 сом/кг
- «Талгарка» — 50 сом/кг
- «Апорт» — 35 сом/кг
- «Рашида» — 25 сом/кг
- «Томсон», «Кандил», «Кыргызский» — 20 сом/кг
Фермерлердин айтымында, акыркы жылдары алмурут бактарын өстүргөндөр көбөйдү, жаңы сортторду эксперимент катары эгип жаткандар көп. «Токой» сорту акырындык менен калыбына келип, жакшы түшүм берип жатат. Түшүмүн көбөйткөн дыйкандар айдоо аянттарын кеңейтүүнү пландап жатышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом