Эки жашар баланын өлүмү боюнча соттолгон чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат

Эки жашар баланын өлүмү боюнча соттолгон чет элдик жаран өлкөдөн чыгарылат

Аламүдүн райондук соту Көк-Жар айылында эки жашар баланын өлүмүнө айыпталып жаткан чет өлкөлүк жаранга 14-августта өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» маалымдады.

Ага ылайык, райондук сот айыпталуучу A.A.K.M. аттуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси («Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмышы аныкталбаганын жүйө кылып, аны актады.

Ал эми 144-берене («Коркунучта калтыруу») жана 367-берене («Кылмышты жаап-жашыруу») менен күнөөлүү деп таап, 2 жарым жылга жалпы режимде жаза өтөөнү, жабырлануучунун өкүлүнө материалдык чыгым үчүн 82 321 сом, моралдык чыгым үчүн 300 000 сом төлөп берүүгө өкүм кылган.

Ошондой эле сот өкүмү менен чет элдик жаран жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргызстандан чыгарылат.

Наристенин өлүмүнө шек саналып кармалган дагы бир жаран — баланын апасына козголгон кылмыш ишин Аламүдүн райондук соту 2-июлда токтоткон. Соттун токтому менен ал кайтаруудагы ооруканага милдеттүү түрдө дарылоого жиберилген.

Эки жашар баласын өлтүрүүгө шектелген аялдын иши сотко өттү

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>