Эки жылдын ичинде Кыргызстан Казакстандан көмүр сатып алганды токтотот

Эки жылдын ичинде Кыргызстан Казакстандан көмүр сатып алганды токтотот

Эки жылдын ичинде Кыргызстан Казакстандан көмүр сатып алганды токтотот. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкектеги ЖЭБ үчүн көмүр Кыргызстандагы кендерден жана бир бөлүгү Казакстандан ташылып келет. Маселен, быйыл 750 миң тонна көмүр Кыргызстанда казып алынса, 250 миң тонна Казакстандан сатып алынат. Буга чейин коңшу мамлекеттен жылына 400-500 мин тонна көмүр ташылып келчү.

«Жылына 400-500 миң тонна көмүр сатып алып жүрүп, быйыл эмнеге 250 миң тонна гана аласыңар?» деген суроо жаралышы мүмкүн. Сиздер билгендей, Миң-Кушта Ак-Улак көмүр кени бар. Быйыл ал жактан 180-200 миң тонна көмүр алып келип, ЖЭБде жагып көрдүк. Анын калориясы туура келди. Президенттин да эки-үч жылда «импорттон кетиш керек» деген тапшырмасы бар. Биз эки жылдын ичинде Казакстандан көмүр алганды токтотобуз деген пландар бар. Анын ордуна кайсы кендерден көмүр казып ала турганыбызды караштырып жатабыз», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>