Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтоттуКыргыз элинин мурастарынын энциклопедиясын түзүү долбоору башталдыКРде жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыгат2026-жылдын биринчи жарымында өлкөгө 709,9 млн доллар инвестиция тартылган
Салык декларациясы: 1 миң 510 кызматкерге 6 млн сом айып салынды
09.10.2024 | 10:07
Салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 2 миң 511 кызматкерге Укук бузуулар кодекси боюнча иш козголуп, материалдар сотко жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 1 миң 510 кызматкерге 6 млн 40 миң сом айып салынган. Калгандарынын иши сотто каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом