Экология көйгөйү. Климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши дүйнө жүзүнө кагылган коңгуроо

Экология көйгөйү. Климаттын өзгөрүшү жана мөңгүлөрдүн эриши дүйнө жүзүнө кагылган коңгуроо

5-июнь – дүйнө жүзү боюнча Айлана-чөйрөнү коргоонун эл аралык күнү катары белгиленет. Анын ичинде Кыргызстанда да бүгүн бул күн белгиленүүдө. Быйылкы экология күнүн утурлай «Reporter.kg» бул теманын алкагында мөңгүлөрдү сактоо маселесине окурмандардын назарын бурабыз.

Адамзатынын өмүрү көз каранды болгон бул суу. Суу менен адам жашайт. Суу жок болсо адам өмүрү гана эмес, табигат, жаратылыш баары бат эле соолуп калат. Ал эми ошол суулар бизге кайдан келет? Албетте мөңгүлөрдөн. Демек, адамзатынын жашоосундагы мөңгүлөрдүн ролу чоң.

Мөңгүлөр – планетанын климаттык тең салмактуулугун сактап туруучу жана миллиарддаган адамдар үчүн таза суунун башаты болуп саналган табигый булактар. Алар кургактыкта пайда болуп, өз салмагынын таасири менен кыймылдап турган кар менен муздун ири топтому.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө 275 миңден ашуун мөңгү бар. Алар болжол менен 700 миң чарчы чакырым аянтты ээлеп, жер жүзүндөгү таза суунун 70 пайызын сактап турат. 2 миллиарддан ашык адам мөңгүлөр менен кардын эришинен түзүлгөн суу менен камсыз болот. Бул алардын ичүүчү жана айыл чарбада колдонулуучу суу булактарына түз көз каранды экенин көрсөтөт.

Тилекке каршы, Кыргызстандан акыркы 50 жылда өлкөдө мөңгүлөрдүн болжол менен 20 пайызы жоголду. Эксперттер бул көрсөткүч алдыдагы жарым кылымда дагы да тереңдеши мүмкүн деп коңгуроо кагышууда. Жыйынтыгында өлкө стратегиялык суу ресурстарынан толук ажырап калышы ыктымал.

Мындан улам, бүгүнкү күндө айыл чарба тармагында тамчылатып сугаруу системасы киргизилип, каналдар жана арыктар жаңыланып жатат. Бирок суунун 50–60 пайызы коопсуз эмес жолдор менен коромжуга учурап жатат. Бул жоготууларды азайтуу үчүн аракеттерди бир нече эсеге тездетүү зарыл. Кыргызстанда мөңгүлөрдүн сакталышына терс таасир эткен негизги факторлордун бири – токойлордун жетишсиздиги.Токойлор нымдуулукту сактап, температураны төмөндөтүү аркылуу мөңгүлөрдү коргоого салым кошот. Бирок Кыргызстанда токой аянты жалпы аймактын 5,6пайызынан ашпайт.

Эксперттердин баамында, мөңгүлөрдүн жоголушу суу ресурстарынын кыскаруусуна, кургакчылыкка, айыл чарба өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана азык-түлүк коопсуздугуна чоң коркунуч жаратат. Албетте мындай көрүнүш бир эле Кыргызстан эмес, дүйнө жүзүндөгү көйгөй жана бул азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Климаттык өзгөрүүлөрдөн улам тоо капталдарынын туруксуздугу, суу ташкындары, жер көчкүлөрү жана топурактын эрозиясы көбөйүүдө. Мөңгүлөрдүн эриши мөңгү көлдөрүнүн жырылып кетишине, селжана табигый кырсыктардын күчөшүнө алып келиши мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров Самаркандда өткөн «Борбор Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында» форумунда Кыргызстандагы абал тууралуу мындай деген:

“Мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши, мөңгү аянттарынын кыскарышы, суунун тартыштыгы, кургакчылык жана чөлгө айлануу – булар биздин өлкөдө байкалууда. Акыркы 70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 16 пайызга азайды. 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болушу мүмкүн.”

Президент климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү үчүн төмөнкү сунуштарды киргизди:

·        Эл аралык каржы институттарынын колдоосу менен жашыл экономика, айыл чарба жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына инновацияларды киргизүү;

·        Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фондун түзүү;

·        Дүйнөлүк өлкөлөрдүн тышкы карызын «жашыл» демилгелерге алмаштыруу;

·        “БУУ-Тоолор” координациялык механизмин түзүү;

·        Тоо экосистемаларын изилдөөнү кеңейтүү;

·        “Тоо жаштары, аялдар жана климат”платформасын түзүү;

·        Тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүү.

Климаттын өзгөрүшү жана анын криосферага (мөңгү, кар, түбөлүк тоң) тийгизген таасири эларалык деңгээлде да олуттуу көңүл бурууну талап кылууда. Бул көйгөйгө көңүл буруу үчүн Бириккен Улуттар Уюму Тажикстандын демилгеси менен 2025-жылды Мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылы, ал эми 21-мартты Бүткүл дүйнөлүк мөңгү күнү деп жарыялаган. Бул чечим расмий түрдө күчүнө кирди.

Борбор Азияда, өзгөчө Тажикстанда, 14миң мөңгүнүн миңден ашыгы толугу менен ээрип кетти. Ошол эле учурда алардын эриш ылдамдыгы да өсүп жатат. Бул көйгөйдү эске алып, быйыл Душамбе шаарында эл аралык конференция өтөт.

Экологиялык жана климаттык кризиске каршы туруу үчүн төмөнкү чараларды көрүү сунушталат:

·        Парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу;

·        Мөңгүлөрдү коргоо боюнча мыйзамдык жана административдик чараларды күчөтүү;

·        Өзгөчө корголуучу аймактарды түзүү;

·        Мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын комплекстүү башкаруу;

·        Жер пайдаланууда экологиялык жактан таза тажрыйбаларды колдонуу;

·        Криосфералык тобокелдиктерди азайтуу үчүн алдын ала эскертүү системаларын иштеп чыгуу;

·        Окумуштуулардын, аналитиктердин жана калктын катышуусу менен комплекстүү илимий негиздерди иштеп чыгуу.

 Табиятты сактоо – ар бир адамдын жоопкерчилиги!!! Айлана-чөйрөнүн булганышы көбүнесе биздин күнүмдүк аракеттерден келип чыгат. Эгерде ар бирибиз жаратылышка аяр мамиле жасап, экологиялык көнүмүштөрдү жашообуздун бир бөлүгүнө айландырсак, келечек муундарга таза жана коопсуз дүйнө калтыра алабыз.

Табият бизге эмес – биз табиятка көз карандыбыз!   Жаратылышты сактоо үчүн көп  күч талап кылынбайт.Ар бир адамдын жөнөкөй кадамы – чоң өзгөрүүгө себепчи болот.

Муну ишке ашыруу үчүн чоң аракет талап кылынбайт – жөн гана төмөнкү кадамдарды жашообузга киргизүү зарыл:

— Электр энергиясын үнөмдө – керексиз

жарыкты өчүр;
— Сууну үнөмдө – тамчылаган суу да байлык;

 — Таштандыны сортто – кайра иштетүүчү ресурстар текке кетпесин;

 — Пластиктенбаш тарт – жаратылышты уулаба;

— Жергиликтүү азыктарды танда – өз өндүрүшүбүздү колдо;

— Экологиялыктранспортту колдон – жөө бас, велосипед теп;

—  Акыл менен сатып ал – кереги жок нерсе таштандыга айланат.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>