Бишкекте мас айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткенСаламаттык сактоо министрлиги менен БУУ дары-дармек сатып алууну катуу көзөмөлдөөнү макулдаштыКыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайы
Экономика министрлигине жаңы орун басар келди (Резюме)
27.12.2021 | 18:12
Экономика министринин орун басары болуп Канат Абрахманов дайындалды. Бүгүн, 27-декабрь күнү мекеменин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, Экономика министри Данияр Амангелдиев жаңы орун басарын тааныштырды.
Тиешелүү буйрукка, 17-декабрь күнү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Япония, Англия, Франция жана Кыргызстандан билим алган. 2021-жылдын октябрь айынан бери Инвестициялар министринин жана Экономика жана коммерция министринин кеңешчиси болуп иштеп келе жаткан. Кыргыз, орус жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Француз жана жапан тилинде сүйлөө деңгээлинде билет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат