Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Эл аралык турнир: Айпери Медет кызы финалга чыкты
03.06.2022 | 14:39
Айпери Медет кызы Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде финалга чыкты.
Медет кызы мелдешке 76 кг салмакта катышып, жалпысынан 7 спортчу эки топко бөлүнгөн. Кыргызстандык В тайпасына кирген. Монголиянын эки спортчусу да бул топто болчу.
Монголиянын өкүлдөрү оюн көрсөтпөй, Медет кызы жарым финалга чыгып, Индиядан келген спортчуну 10:0 эсебинде жеңип алды.
Финалдык беттеште кыргызстандык Египеттин өкүлү менен күч сынашат. Медалдар үчүн күрөш саат 18:00дө башталат.
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Акжол Махмудов финалга чыкса, Ренат Ильяз уулу менен Калидин Асикеев коло үчүн күрөшөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт