Эл артисти Хадима Берикбаева көз жумду

Эл артисти Хадима Берикбаева көз жумду

Эл артисти Хадима Берикбаева көз жумду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин артисти Хадима Берикбаева 75  жашында 2-апрель күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Берикбаева Хадима 1946-жылдын 10-мартында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылында туулган.

1965-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолун белгилүү дирижер Асанкан Жумакматов жетектеген Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде баштаган. Хадима Берикбаева белгилүү кыякчы Саид Бекмуратовдон сабак алып, аялдардан алгачкылардан болуп кыргыздын кыл кыягын чертип, кыргыз музыкасындагы залкарлардын күүлөрүн оркестр менен бирге иштеп чыккан. Оркестрде эмгектенүү менен бирге, ал Атай Огонбаев атындагы комузчулар тобунда, Токтосун Тыныбеков атындагы ооз комузчулар тобунда эмгектенген.

Анын биринчи гастролу Москва шаарында өткөн. Ал Токтогул Сатылгановдун 100 жылдыгына арналган юбилейлик концертинде өнөрүн көрсөткөн. 1983-жылдан баштап алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдө оркестр менен бирге көптөгөн концерттерге катышып келген.

Ал көп жылдар бою Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык окуу студиясында сабак берип, өнөрлүү жаштарды тарбиялап, кыргыздын көркөм өнөрүнүн өнүгүүсүнө, таланттуу адистер менен толукталышына салымын кошуп келген.

Улуттук маданият менен искусствосуна кошкон салымы үчүн 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган, ошондой эле 1994-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти», 2018-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» ардак наамдары ыйгарылган.

Кыргыз маданиятын жана руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Хадима Берикбаеванын  элеси биздин эсибизде түбөлүккө  сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>