Кыргыз мигранттарынын массалык уулануусу. Элчиликтин маалыматы

07.10.2022 | 13:43

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Санкт-Петербургдагы кыргызстандык мигранттардын массалык уулануусу боюнча маалымат берди.

Маалым болгондой, тамакка ууланып ооруканага жаткырылган 27 кыргыз жараны Санкт-Петербург шаарына курулуш иштерин аткаруу үчүн Лахт-Центрге келишкен. Иш берүүчү «Прайдекс» ЖЧКсы аларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылган.

“Жарандар азыркы учурда С.П. Боткин атындагы клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүрүп, суунун жана тамак-аштын үлгүлөрү алынган”, – деп айтылат маалыматта.

Элчиликтин Санкт-Петербургдагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуянын чоо-жайын такташууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Россиядагы жергиликтүү басылмалар кыргызстандык 27 мигрант тамакка ууланып, ооруканага түшкөнүн жазышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top