Хиджаб кийгилери келсе, менчик мектепте, медреседе окусун, — депутат

Хиджаб кийгилери келсе, менчик мектепте, медреседе окусун, — депутат

Мен мектепте окуучулардын жоолук салынуусуна каршы эмесмин, араб маданиятынан келген хиджабга каршымын. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Арсланбек Малиев 6-октябрдагы жыйында билдирди.

«Ошондуктан биз андан алыс болушубуз керек. Хиджаб кийүүнү кааласа, жеке менчик мектепте, медреседе окусун», — деди ал.

Буга чейин депутаттар билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакуновдон мектеп окуучуларынын хиджаб жана жоолук салынышына кандай көз карашта экенин сурашкан. Ал өлкөдө мектеп окуучулары үчүн классикалык форма бекитилгенин жана ал жоолук салынууга каршы эместигин билдирген.

Депутат мугалимдердин сунушун айтып: «Каракол шаарынын, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун мугалимдери бир өтүнүч менен кайрылып жатышат. Алар мамлекеттик мектептерде хиджаб кийүүгө тыюу салууну өтүнүшүүдө. Биз светтик мамлекетпиз», — деп билдирген.

Уланбек Мамбетакунов өз кезегинде: “2015-жылы көрсөтмө кат болгон, андан сырткары өкмөттүн токтому менен мектептерде классикалык форма боюнча чечим болгон”, — деп жооп берген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>