Чүйдүн Новопокровка айылында 100 орундуу төрөт үйү ачылат«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдү
«Элдик Банк» Beeline Кыргызстанды сатып алды
13.08.2025 | 12:42

Мамлекеттик «Элдик Банк» ААКсы «Скай Мобайл» компаниясынын (Beeline Кыргызстан бренди) 100% акциясын сатып алуу боюнча келишимди жыйынтыктады.
Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашкан бул келишим улуттук кызыкчылыктарды бекемдөөгө, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталган.
Телекоммуникациялык активди сатып алуу аркылуу заманбап финансылык жана санариптик кызматтарды интеграциялоо, технологиялардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана инновациялык өсүштү колдоо пландалууда.
Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттары боюнча жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар