«Элдик Банк» жогорку ESG-рейтингин алды

«Элдик Банк» жогорку ESG-рейтингин алды

«Элдик Банк» ААКсы эл аралык ESG-рейтинги ыйгарылган Кыргыз Республикасындагы биринчи банк жана Борбордук Азиядагы алдынкы банктардын бири болуп калды.

2025-жылдын 28-январында Элдик Банк S&P Global Corporate Sustainability Assessment 2024 рейтингинин алкагында  45 балдык баага татыктуу болду, ал эми эл аралык каржы тармагындагы компаниялардын арасында орточо дүйнөлүк баалоодо – 37 балл. Мына ошентип, «Элдик Банк» (пайыздык өлчөм – 67) эл аралык каржы тармагында бул рейтингде алдыңкы компаниялардын үчөөнүн бири. Экологиялык аспект боюнча, «Элдик Банкка» берилген баа — 32 балл, социалдык аспекти боюнча-  37 балл, корпоративдик башкаруу жана туруктуу экономикалык таасир боюнча — 54 балл.

«Биз дүйнөлүк алдынкы  S&P Global Corporate Sustainability Assessment — ESG рейтингдердин бирин алгачкы болуп алганыбызга сыймыктанабыз. Бул жетишилген жогорку натыйжа туруктуу өнүгүүнүн алдыңкы дүйнөлүк практикасына жана бизнести жоопкерчилик менен башкарууга багытталган биздин корпоративдик ESG-трансформация ишибиздин ийгилигин көрсөтүп жатат. Мамлекеттик алдыңкы финансы уюму катары «Элдик Банк» Кыргыз Республикасына улуттук артыкчылыктарды, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын жана жашыл экономикалык өсүштү ишке ашырууда, анын ичинде, туруктуу каржылоону кеңейтүү жана ESG эл аралык өнөктөштүгүн активдештирүү аркылуу ар тараптуу колдоону улантуу ниетинде», — дейт «Элдик Банк» Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

Маалымат иретинде: «Элдик Банк» өлкөбүзддөгү алдыңкы үч кредиттик-каржы мекеменин бири катары Кыргызстандагы эң ири мамлекеттик банк болуп саналат.

Элдик Банк Туруктуу өнүгүү тармагындагы эң ири эл аралык бирикме  — БУУнун Глобалдык келишиминин катышуучусу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>