Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы
Ысык-Көлдө «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» пайда болду
30.01.2025 | 18:26
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү аты жок тоо чокуну «Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деп атоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам 2024-жылы 25-декабрда парламент тарабынан кабыл алынган. Ал президенттин жарлыгынын негизинде жана Кыргызстан менен БУУнун өз ара алакасын арттыруу үчүн иштелип чыккан.
«Бириккен Улуттар Уюмунун чокусу» деген ат берилген чоку Ак-Суу районунда Сары-Жаз тоо кыркасынын Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн аймагында жайгашкан. Анын бийиктиги 5576 метрге жетет.
Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта кирген. БУУ эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом