Элдик курултайдын делегаттарынын укуктарын кеңейтүү сунушталууда

Элдик курултайдын делегаттарынын укуктарын кеңейтүү сунушталууда

Элдик курултайдын делагаттарынын укуктарын кеңейтүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке сунушталды. Тийиштүү мыйзамга өзгөртүүнү курултайдын аткаруу комитетинин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев демилгелеген.

Долбоордо делегаттар мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катыша алары айтылат.

Андан сырткары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана дагы кызмат адамдарынын, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алууга, кеңешүүгө жана алардын иштерине байкоо жүргүзө алат.

Бирок Элдик курултайдын делегаты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына кийлигишүүгө укуксуз.

Ошол эле учурда делегаттар жалпы кабыл алынган этикалык ченемдерди жана талаптарды сактоого, курултайдын  регламенттин жетекчиликке алууга милдеттүү.

Мыйзам долбоор азырынча парламентте кароого киргизиле элек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин учурдагы сессиясы 30-июнда аяктайт. «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам долбоору парламентте өткөн жылы талаш-тартыш менен өткөн. Анда делегаттардын укугу парламенттин ыйгарымдарына теңделип жатканы айтылып, долбоор кыскартуу менен кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>