Кыргызстанда электр энергиянын баасы 2025-жылдын м айында 20-23 тыйынга чейин кымбаттайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты.
Ал өлкөдө электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын 1-майда көтөрүлүп турарын билдирди.
Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.