Ош шаарында 1 миң 200 орундуу чоң мектеп курулдуБШК бекиткен президенттик шайлоонун календардык планындагы негизги даталар — чоо-жайыКеминде психиатриялык оорукана саркынды сууну арыкка төккөнү үчүн айыпка жыгылдыПакистан Ооганстанга абадан сокку урду: Кабул 9 адам каза болгонун билдирдиСпортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылуудаФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыялады
Электр энергиянын баасы келерки жылы майда кымбаттайт
20.12.2024 | 13:41
Кыргызстанда электр энергиянын баасы 2025-жылдын м айында 20-23 тыйынга чейин кымбаттайт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында айтты.
Ал өлкөдө электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын 1-майда көтөрүлүп турарын билдирди.
Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт/саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 39 тыйын төлөйт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом