Элге жакын болуу үчүн тосмолорун алган Ак Үй – видео

Элге жакын болуу үчүн тосмолорун алган Ак Үй – видео

Бүгүн, 6-ноябрда Ак Үйдү курчаган тосмолор алынууда. Коргонду “Тазалык” кызматынын кызматкерлери техникалары менен келип кыркып, жыйнашууда.

Тосмолорду жыйноону расмий баштоого Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев катышты.

Бул чечим 5-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун мэрге жазган расмий катынан кийин ишке ашырылган.

Жогорку Кеңештин төрагасы тосмону алуу идеясы премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго таандык экенин айтса, шаар башычысы эми имараттын тегерегин көрктөндүрүү боюнча иш башталарын билдирди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>