“Эмгек” партиясы бишкектиктердин көйгөйлөрүнө олуттуу көңүл бурат

“Эмгек” партиясы бишкектиктердин көйгөйлөрүнө олуттуу көңүл бурат

“Эмгек” саясий партиясынын талапкерлери борбор калаанын шайлоочулары менен жолугушууларды өткөрүп, элге программасын тааныштырып, үгүт иштерин кызуу жүргүзүүдө.

Талапкер Арслан Сыдыков кезектеги жолугушуусун Жумабек жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги шайлоочулар менен өткөрдү. Жолугушунун жүрүшүндө “Эмгек” партиясынын “Демилгелүү шаар” программасында куру убадалар эмес, реалдуу ишке аша турган долбоорлор сунушталганын белгиледи. Мисалы, программада шаарды эффективдүү башкаруу, социалдык абалды жакшыртуу,калааны жашылдандыруу жана кооздоо, туризм, транспорт саясаты, бишкектиктердин коопсуздугун камсыздоо ж.б. ушул сыяктуу иштер каралганын билдирди.

Анын айтымына караганда, партиянын курамындагы талапкерлер билимдүү, жаш, демилгелүү эл арасынан сурулуп чыккан лидерлер. Алардын көпчүлүгү чакан жана орто ишканаларды түзүп, жүздөгөн жумуш орундарын түзүп беришкен. Ошондой эле А.Сыдыков “Эмгек” партиясынан аттанган талапкерлер кыргыз элине ак кызмат кылып, Бишкекти өнүктүрсөк деген жакшы тилек менен баратканын кошумчалады.

“Жогоруда айтып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга биздин эркибиз жетет. Анткени биздин күчтүү команданы шайлоочуларыбыз колоп, биз шаардык кеңешке келсек, билимибизди жана тажрыйбабызды шаардын өнүгүшө жумшап, алдыга жылат элек деп ишендирип кетем”,- деди ал.

Андан сырткары, А.Сыдыков элдин көтөргөн көйгөйлөрү боюнча төмөнкүчө кыскача токтолду.

“Ооба, сиздердин көтөргөн маселени абдан жакшы түшүнүп турам. Мен сиздерге эртең эле жолунарды оңдотуп, тротуарларды салып жана көчөңөрдү жарыктандырып берем дегенден алысмын. Бирок сиздер “Эмгек” партиясын колдосоңуздар, анда биз шаардык кеңешке келген күндөн тартып бул маселенин үстүндө иш алып барууга бар күчүбүздү жумшайбыз. Дагы бир жолу белгилей кетсек, биздин программада шаарды өнүктүрүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн 200 чакырым тротуар куруу, 100 чакырым вележолдорду салып, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча конкреттүү пландарыбыз бар. Аны менен бирге эле “Бишкек Арбаты” – аттуу жөө адамдар үчүн сейилдөөчү жай курсак, бул шаардыктар үчүн эле эмес сырттан келген коноктор үчүн да бош убактысында эс алганга, чыгармачылык менен алектенгенге, убактысын пайдалуу өткөргөнгө шарт түзүлмөк”, — деп кошумчалады ал.

“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>