Салык кызматы Бишкектеги коомдук тамактануу тармагында кирешени жашыруу схемасынын бетин ачтыОшто мыйзамсыз курулуштар турган жер скверге айландыПрезиденттик шайлоону өткөрүү боюнча Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган 75 киши суракка алынып, үчөө камалдыКыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Apolitical платформасы менен биргеликте жасалма интеллектти колдонууга окутулатПрезиденттин тапшырмасы менен Камчыбек Ташиев Мамлекеттик күзөт кызматынын коргоосунда калатСадыр Жапаров Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисин дайындады
Эми баланы мектепке Tunduk тиркемеси аркылуу каттоого болот
11.06.2025 | 10:30
Tunduk мобилдик тиркемесинде баланы мектепке каттоо үчүн онлайн арыз берүү кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Учурда мектепке электрондук жаздыруунун экинчи этабы жүрүүдө. Ал 15-августка чейин уланат.
Маалыматка ылайык, бул кызматты 2018 жана 2019-жылдары туулган балдардын ата-энелери пайдалана алышат. Бул этапта бош орундар калган мектептердин арасынан тандоо мүмкүнчүлүгү берилет:
- 2019-жылы туулган балдар — 1-класска (же “Наристе” программасын бүткөн болсо 2-класска);
- 2018-жылы туулган балдар — 2-класска кабыл алынат.
Арыз берүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- “Tunduk” мобилдик тиркемесине кириңиз.
- “Кызматтар” бөлүмүнө өтүңүз.
- “Билим берүү” категориясын тандаңыз.
- Балдардын тизмесинен балаңызды тандаңыз.
- Облус жана районду көрсөтүңүз.
- Мектепти жана окуу тилин тандаңыз.
- Арызды ырастаңыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 110 телефонуна чалуу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом