БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
Эми баланы мектепке Tunduk тиркемеси аркылуу каттоого болот
11.06.2025 | 10:30
Tunduk мобилдик тиркемесинде баланы мектепке каттоо үчүн онлайн арыз берүү кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Учурда мектепке электрондук жаздыруунун экинчи этабы жүрүүдө. Ал 15-августка чейин уланат.
Маалыматка ылайык, бул кызматты 2018 жана 2019-жылдары туулган балдардын ата-энелери пайдалана алышат. Бул этапта бош орундар калган мектептердин арасынан тандоо мүмкүнчүлүгү берилет:
- 2019-жылы туулган балдар — 1-класска (же “Наристе” программасын бүткөн болсо 2-класска);
- 2018-жылы туулган балдар — 2-класска кабыл алынат.
Арыз берүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
- “Tunduk” мобилдик тиркемесине кириңиз.
- “Кызматтар” бөлүмүнө өтүңүз.
- “Билим берүү” категориясын тандаңыз.
- Балдардын тизмесинен балаңызды тандаңыз.
- Облус жана районду көрсөтүңүз.
- Мектепти жана окуу тилин тандаңыз.
- Арызды ырастаңыз.
Кененирээк маалымат алуу үчүн 110 телефонуна чалуу керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом