Эми банктар кардарга насыя алууга тыюу салынып-салынбаганын текшерүүгө милдеттүү

29.10.2025 | 15:00

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга өз алдынча насыя алууда өзүнө-өзү тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн берген жаңы эрежелерди бекитти. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Эми банктар жана башка каржы уюмдары насыялык келишим түзөөрдөн мурда кардардын мындай өзүнө-өзү тыюу салуу бар же жок экенин текшерүүгө милдеттүү. Эгер тыюу салынган болсо, анда насыя берүүдөн баш тартылышы керек.

Ар бир жаран мамлекеттик электрондук кызматтар порталынан насыялык келишим түзүүгө өзүнө-өзү тыюу сала алат, башкача айтканда, банк же микрофинансылык уюмдарга ага насыя берүүгө уруксат бербейт. Зарыл болгон учурда бул тыюуну кайра онлайн түрдө алып салууга болот.

Мындай чара жарандарды алдамчылык аракеттерден коргоого жардам берет, башка адам анын атына насыя алып коюу мүмкүнчүлүгүн алдын алат жана жарандарга өз алдынча насыя алуу мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөөгө шарт түзөт.

Scroll to Top