Эми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот

28.10.2025 | 19:30

Тышкы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттер үчүн бажы төлөмдөрүн каалаган убакта, банк кассасына көз карандысыз, QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Бул мүмкүнчүлүк кезек күтүүдөн арылууга, бажылык тариздөө процессин тездетүүгө жана ишкерлердин убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт. Жаңы кызмат «Элдик Банк» ААК менен биргеликте ишке ашырылып, тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Төлөө үчүн QR-кодду бажы кызматынын расмий сайтынан өз алдынча алууга болот.

Мындан тышкары, QR-кодду алуу боюнча жардамды бажылык тариздөө жайларында жайгашкан «Элдик Банк» ААКнын көчмө кассаларынын өкүлдөрү жана бажы кызматкерлери көрсөтө алышат.

Scroll to Top