Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Эми Carchek кызматына акы алынышы мүмкүн
23.11.2021 | 14:58
Унаа жана айдоочулук күбөлүк тууралуу маалыматты онлайн текшерүү үчүн акы алынат. Тиешелүү буйрукту Санариптик өнүктүрүү министрлиги даярдады. Документ учурда коомдук талкууда.
Бул өзгөртүүлөргө ылайык, portal.tunduk.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында жана Carchek электрондук кызматы аркылуу унаа тууралуу маалымат алуу кызматына акы алынат.
«Анын наркын Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан бекитилет. Электрондук форматта маалыматты суроодо кызматтын баасы болжол менен 10 сомду түзөт деп болжолдонууда», – деп айтылат буйруктун долбоорунда.
Башкармалык баса белгиленгендей, анын кагаздагы аналогу бүгүнкү күндө 120 сомду түзөт.