Талапкер Марипов боюнча милиция териштирүүнү баштады

Талапкер Марипов боюнча милиция териштирүүнү баштады

23-ноябрда журналист Жамалдин Парманкулов «Асамидин Марипов кишилерди чогултуп добуш сатып алууну баштады» деген посту жана видеосу боюнча милиция териштире баштады.  Бул туурасында Ош облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 23-ноябрь күнү “Facebook” социалдык тармагы аркылуу Жамалдин Парманкулов атуу жаран пост жарыялаган, анда “Мариповдор подкупту башташты» Асамидин Марипов адамдарды чогултуп айылыңардагы медицинага байланышкан маселе болсо, ФАП болобу, 5 бөлмөлүү балдар бакчасы болобу чечип берем деген мазмундагы 17 секундук видео тарагандыгын Ноокат райондук милициянын  нөөмөтчүсү Ж.Батырбеков кабарлаган. Аталган маалымат маалыматтардын электрондук журналына катталып текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

№5 Ноокат шайлоо округунан Бакытбек Марипов Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин атасы Асамидин Мариповдун сүйлөшүүсү деген шек бар.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>