Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо сервисин ишке киргизди.
Эми жарандар салык органына барбай туруп Cabinet.salyk.kg сайтынан эле арыз бере алышат.
Ал Cabinet.salyk.kg сайтынан «Каттоо» бөлүмүн тандап, андан кийин «Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү» бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек. Бул үчүн идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ), электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП) же Smart-iD KG колдонууга болот.
Cabinet.salyk.kg сайтынын «Каттоо» бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз