Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Эми казакстандыктар тирүүсүндө донор болууга макулдук бере алышат
19.10.2022 | 23:07
Эми казакстандыктар көзү тирүү кезинде органын тапшырууга макулдугун бере алат. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
«Казакстандын жарандары, Кодекстин 209-беренесинин 8-пунктуна ылайык, трансплантациялоо үчүн өлгөндөн кийин органдарды алууга макулдук же баш тартуу жөнүндө арызын тирүү кезинде эле каттай алышат», — деп айтылат маалыматта.
Өлкө жарандарынын органдарын трансплантациялоо акысыз жүргүзүлөт.
Бул үчүн жарандар каттоодо турган жериңиздеги клиникага же электрондук өкмөттүн сайтына (Трансплантацияга өлгөндөн кийин органдарды өмүр бою ыктыярдуу донордукка берүүгө макулдукту каттоо же макулдуктан баш тартуу) кайрылыша алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар