Жалал-Абад: Жаандын кесепетинен турак-жайлар жабыркады

Жалал-Абад: Жаандын кесепетинен турак-жайлар жабыркады

Нөшөрлөп жаган жаандын кесепетинен улам Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарларында жалпы 7 турак жайдын кооросун жана жер төлөөсүн суу каптагандыгы кабарланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аталган аймактарга ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынан, 2-Өзүнчө куткаруу отрядынан жалпы 25 кызматкер тартылып, мотопомпанын (суу сордуруучу жабдык) жардамында сел суулар сордурулуп, коопсуз жайга чыгарылды.

Учурда тактоо иштери уланууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: жаан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>