Эми «Манас» аэропортунда жүргүнчүнү жеке коштоп жүрүү кызматы көрсөтүлө баштайт

Эми «Манас» эл аралык аэропортунда дүйнөлүк деңгээлдеги консьерж-кызматтары көрсөтүлө баштайт. «Кыргызстан аэропорттору» ААКы мындай кызматтарды ишке киргизүү боюнча «Премиум Пасс Кейджи» ЖЧКсы менен макулдашууга кол коюлганын маалымдады.
Макулдашуунун алкагында жүргүнчүлөргө аэропортко келген учурдан тартып учакка отургузулганга чейинки бардык этаптарда жеке коштоо кызматтары көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесине каттоодон өтүүгө көмөктөшүү, формалдуу жол-жоболордон ыкчам өтүү жана ар бир жүргүнчүгө жекече мамиле жасоо кирет.
Келишимге «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы тарабынан коммерция боюнча директор Аман Мамаев, ал эми «Премиум Пасс Кейджи» тарабынан директор Элиза Аскарбекова кол койду. «Премиум Пасс Кейджи» компаниясынын негиздөөчүсү — Ким Ынсу.
Долбоордун максаты — «Манас» аэропортундагы тейлөө деңгээлин заманбап стандарттарга шайкеш келтирүү. Бул демилге туристтердин жана ишкердик сапарлар менен келген коноктордун агымы көбөйүп жаткан шартта аэропорттун эл аралык деңгээлдеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.