Кийизден жасалган бут кийимдерсиз: Бишкектен белекке эмне алып кетсе болот?«Манас» аркылуу өтүүчү жол: Бишкек мэриясы талашка түшкөн трасса кайсы жерден өтөрүн көрсөттү«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү
Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин коопсуздугу боюнча сейсмологдун эскертүүсүн четке какты
10.09.2025 | 17:44

Кыргызстан Илимдер академиясынын президенти, башкы сейсмолог Канат Абдрахматовдун «Камбар-Ата-1 ГЭСи катуу жер титирөөдө кооптуу болушу мүмкүн» деген билдирүүсүнө Энергетика министрлиги кескин жооп кайтарды.
Министрлик берген маалыматка ылайык:
- Консультация берген компания сейсмологиялык анализди чет элдик адистер менен бирге жүргүзгөн. Бул үчүн 1770-жылдан 2024-жылга чейинки жер титирөөлөрдүн маалымат базасы түзүлгөн.
- Эксперттер консультант-компанияга геологиялык коркунучтарды, анын ичинде жаракаларды эске алууну сунушташкан.
- Камбар-Ата-1 үчүн гравитациялык плотинанын ийилген варианты тандалган. Бул чечим гидравликалык майнаптуулукту жогорулатып, конструкцияны бекемдөөгө шарт түзөт.
- Компания гравитациялык бетон плотинасы жүктү көтөрө ала турганы боюнча корутунду чыгарган.
- Министрлик белгилегендей, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин акыркы отчету менен тааныш эмес адистердин айткандары «каралаган пикир жана зыян келтирүү» катары бааланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом