Кыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтардыКорей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелер
УКМК төрагасы ШКУнун РАТС Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды
10.09.2025 | 17:56

Чолпон-Атада Шанхай кызматташтык уюмунун аймактык антитеррордук түзүмүнүн (ШКУ РАТС) 44-отуруму өтүп, ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын мүчөлөрүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кабыл алды. Жыйын учурунда маалымат алмашууну күчөтүү, террорчулардын заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект жана кибермейкиндикти колдонушуна каршы турууга, биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө жана радикалдашууну болтурбоого көңүл бурулду.
Ошондой эле Бишкекте Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү пландалууда.
Мындан тышкары, Кыргызстан эл аралык терроризмге каршы күрөшүүгө берилгенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом