Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы
Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин коопсуздугу боюнча сейсмологдун эскертүүсүн четке какты
10.09.2025 | 17:44

Кыргызстан Илимдер академиясынын президенти, башкы сейсмолог Канат Абдрахматовдун «Камбар-Ата-1 ГЭСи катуу жер титирөөдө кооптуу болушу мүмкүн» деген билдирүүсүнө Энергетика министрлиги кескин жооп кайтарды.
Министрлик берген маалыматка ылайык:
- Консультация берген компания сейсмологиялык анализди чет элдик адистер менен бирге жүргүзгөн. Бул үчүн 1770-жылдан 2024-жылга чейинки жер титирөөлөрдүн маалымат базасы түзүлгөн.
- Эксперттер консультант-компанияга геологиялык коркунучтарды, анын ичинде жаракаларды эске алууну сунушташкан.
- Камбар-Ата-1 үчүн гравитациялык плотинанын ийилген варианты тандалган. Бул чечим гидравликалык майнаптуулукту жогорулатып, конструкцияны бекемдөөгө шарт түзөт.
- Компания гравитациялык бетон плотинасы жүктү көтөрө ала турганы боюнча корутунду чыгарган.
- Министрлик белгилегендей, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин акыркы отчету менен тааныш эмес адистердин айткандары «каралаган пикир жана зыян келтирүү» катары бааланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом