Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Энергетика: Оптимизациядан 1 млрд. сом үнөмдөлөт (ВИДЕО)
23.02.2022 | 13:49
Кыргыз энергетикасындагы оптимизациядан 1 млрд. сомдон ашык каражат үнөмдөлөт. Бул туурасында Энергетика министри Доскул Бекмурзаев фейсбуктагы өзүнүн баракчасына жарыялаган видеодо билдирди.
Ошондой эле “Энергетика секторундагы реформалар жакшы жагына ыктап жатат. Бөлүштүрүү компанияларынын кызматкерлери менен жолугушуп, оптимизациянын натыйжалары жөнүндө айтып бердим. Мурда да сөз болгондой, «Түндүкэлектро», «Ошэлектро», «Жалалабатэлектро» жана «Чыгышэлектро» ишканалары – бирдиктүү “Кыргыз энергетикалык бөлүштүрүү компаниялары” ишканасы болуп өзгөртүлөт.
Мындай кадамдар персоналдык башкарууну жакшыртууга, аймактык электр тармактарын жана санариптештирүүнү оптимизациялоого өбөлгө түзөт ” – деп жазды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар