Кыргызча мультфильм жараткан Асхат Субанбеков менен маек

Кыргызча мультфильм жараткан Асхат Субанбеков менен маек

Асхат Субанбеков кыргызча жомок жаратуудагы көйгөйү менен максаты туурасында кеп козгойт.  Reporter.kg′ге ал, маданият министри Азамат Жаманкуловдон компьютер сурап кайрылганын, «Маша и медведь» көргөн бөбөктөргө жаны кейип, жан үрөп кыргызча мультфильм тартып жатканын,  дагы башкалар туурасында айтып берди.

-Асхат мырза, бул долбоорду баштоонун маңызы эмнеде?

-Бул долбоорду баштоонун маңызы, максаты — анимация аркылуу балдарга таалим-тарбия берүү, кыргыз тилин, кыргыз маданиятын үйрөтүү. Келечекте чоң долбоорлорду бөбөктөрүбүзгө кызыктуу кылып ютуб аркылуу бекер тартуулоо. Бөбөктөрүбүз, балдарыбыз тик-ток, чет өлкөнүн ызы-чуу мультфильмдерин эмес, өз тарыхын, өз тилин үйрөнүп чоңойсун!

-Жеткинчектер үчүн жеткиликтүү деп ойлойсузбу?

-Албетте, жеткиликтүү жана бекер. Азыр ар бир үйдө уюлдук телефон жана интернет бар. Балдар ансыз деле ата-энесинен “соска” сурагандын ордуна “сотка” сурашат. Биз бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып бөбөктөрүбүздү тили чыга элегинен баштап жакшы нукка буруп, ютуб аркылуу кыргыз элинин руханий мурастарын келечек муунга тартууласак болот.

-Бардык долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн каржылык маселе маанилүү да… Каржы жагын кантип жатасыз?

-Каржы маселесин азырынча өзүбүз чечип жатабыз. 2-3 жыл мурун кыздарым ютубдан «Настя и папа», «Маша и медведь» сыяктуу долбоорлорду, англисче ырларды көрүп жатканын байкап калдым. Атайын кыргызча ырларды, жомокторду издеп көрсөм жокко эсе. Ошол күндөн тарта өз каражатыма кыргыз элдик ырларды, жомокторду студиядан жаздырып, ага мультфильм тартууну максат кылып, тартып көрдүк. «Ай чыкты карачы» деген ыр 2 миллиондон ашуун көрүлдү. Демек, балдарга жакты. Кыздарым, башка балдар да унутулуп бараткан бул ырды кайра ырдап калганын көрүп кубандым. Бирок, ал кезде аниматор жок эле, аниматорго айлык төлөөгө менде да каражат жок, убактылуу токтотком. Кийин аниматор таап, бирок, компютер бир аз күчтүү болбой, «чогуу тарталы, 1 компьютер алып бергиле» деп маданият министрлигине сунуштап, колдоо тапкан жокмун. Акырында өз алдынча балдарга арналган анимацияларды тартып баштадык. Негизи бизде анимация жакшы кылган көптөгөн ютуберлер бар. Бирок, алар мультфильмди орусча же англисче тартышат. Себеби кыргызча көрүү аз болот, экинчиден кыргызча анимация тартса ютубдан каражат өтө аз түшөт. А биздин максат акча табуу эмес – балдарды кыргызча тарбиялоо.

-Командаңыз туурасында маалымат бере кетсеңиз?

-Биздин командада өз ишин мыкты билген жаштар чогулган. Пиар компания деп атасак болот. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда мурда жарнама берем деген киши видеону, аудиону, графикалык дизайнды, жарнамалык тексттерди жана СММ кызматтарын ар бирин өзүнчө жасатып келсе, азыр бизден баарын бир жерден табышат. Бул биринчиден арзан, экинчиден кардар үчүн ыңгайлуу. Биздин команда өкмөттүн да долбоорлорун, жеке компаниялардын да жарнамасын жасаганга, а түгүл шайлоо учурунда үгүт иштерин толугу менен алып кеткенге тажырыйбасы жетет. Командабызда улан-кыздар буга чейин бир топ компанияларда жакшы долбоорлорду ишке ашырып келген.

-Мындан кийинки кадамыңыз?

-Буюрса ишибизди уланта беребиз. Өткөндө маданият министри Азамат Жаманкуловго да компьютер маселеси боюнча жардам сурап кайрылгам. “Маселени чечкенге аракет кылабыз” деди. Көрөбүз. Чындап келгенде маданиятты көтөрүү, балдарга арналган кыргызча жомокту тартуу- маданият министрлигинин түздөн-түз милдети. Эгер өздөрү кылбаса анда бизге окшогон кылам деген балдарды колдоп коюшса жакшы болмок. 1 компьютер оңой эле чечилчү маселе. Көрүп атам, кээде болбогон эле иш-чараларга миллиондогон каражаттар өкмөт тарабынан сарпталып жатат. Маселе чечилсе да, чечилбесе да биз жасап жүргөн ишибизди улантабыз. Болгону арзаныраак компьютер менен айына 1-2 гана жомок тарта алабыз. Ал эми күчтүү компьютер болсо – жумасына 2-3 жомокту балдарга тартууласак болот. Биз инвестицияны — келечек муунга, балдарды тарбиялоого, билим берүү тармагына салышыбыз керек! Чоңдорду, калыптанган мүнөздү эч убакта өзгөртө албайбыз! Маданиятыбызды, улутубуздун нарк-насилин сактамайынча — өлкөбүз эч убакта өнүкпөйт!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>