ЕАӨБ Кыргызстандын энергетика тармагындагы жаңы инвестициялар тууралуу айтып берди

05.12.2025 | 16:18

Кыргызстан эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен энергетика жана инфраструктура секторлорунда өз ордун бекемдөөнү улантууда. Негизги демилгелер ГЭСтерди курууну жана аймактарды газдаштырууну камтыйт. Мындай маалымат менен Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) аналитиктери бөлүштү.

Банктын адистери өз баяндамасында белгилешкендей, Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) президенти Масата Канда «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга 300 млн доллар бөлүнөрүн жарыялады. Бул сумманын 140 млн доллары өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабында берилет.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү пландары да айтылган.

Орусиялык компаниялар, анын ичинде «Газпром» республиканын аймактарын газдаштырууга 400 млн доллардан ашык каражат жумшады. Бул газ менен камсыздоо деңгээлин 42%га чейин көтөрүүгө мүмкүндүк берди. 2024-жылы Орусиядан Кыргызстанга газ берүү 14%га өсүп, 0,5 млрд куб метрге жеткен. Жакынкы эки жылда импортту 0,8 млрд куб метрге чейин жеткирүү пландалууда.

Өз кезегинде «Росатом» уран калдыктары сакталган жайларды рекультивациялоону улантууда жана Кыргызстанда биринчи аз кубаттуулуктагы атомдук станцияны куруу маселесин иштеп чыгууда.

Мындан тышкары, өлкөнүн түндүгүндө жаңы ЖЭБ жана бир нече күн электр станцияларын куруу талкууланууда.

Scroll to Top