Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эрдоганды министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коштоп жүрдү.
Түркиянын президенти 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондордун эстелигине жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюп эскерди.
Эскерте кетсек, Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.