Эрдоган Жапаровго жана башка өлкө башчыларына эстелик тыйын белек кылды

Эрдоган Жапаровго жана башка өлкө башчыларына эстелик тыйын белек кылды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышкан өлкө жана өкмөт башчыларына эстелик тыйындарды белек кылды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазды.

Тыйындын бир бетинде Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр Түркия Республикасы (расмий түрдө Түркия гана тааныган өлкө), Венгрия, Кыргызстан, Азербайжандын туулары түшүрүлүп, «тилде, ой-пикирде, иште бирдик» деген жазуу бар. Экинчи бетинде уюмдун байрагы тартылып, түптөлгөн жылы жазылган.

Эстелик тыйындар саммитке катышкан өлкө лидерлерине, уюмдун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевге, уюмдун Аксакалдар кеңешинин башчысы Бинали Йылдырымга тапшырылган.

Эскерте кетсек, Түрк мамлекеттер уюмуна Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстан, Түркия мүчө болуп саналат. Түндүк Кипр, Түркмөнстан жана Венгриянын байкоочу мамлекет деген макамы бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>