Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкек – Ош жолу: Жайкы дөңгөлөк менен жолго чыккандар артка кайтарылып жатат
07.11.2024 | 15:46
Алыскы жолго жайкы дөңгөлөк менен чыккан айдоочулар артка кайтарылып жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсузугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалык, айдоочуларга унаасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу керектигин эскертип, болбосо “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” көзөмөл жайларында кайра артка кайтарыларын белгилейт.
Ошондой эле башкармалык айдоочуларды жанына кошумча дөңгөлөк, дөңгөлөккө ороо үчүн чынжыр алып алууга, карама-каршы тилкеге чыкпоого, унаалар ортосундагы аралыкты сактоого чакырат.