Эркебаев: Жээнбековго кысым болушу мүмкүн

Эркебаев: Жээнбековго кысым болушу мүмкүн

Парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев кызматтан кеткен Сооронбай Жээнбековдун кадамын түшүнүксүз деп баалады. Жээнбеков бүгүн коомдук-саясий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугуп, соңку кырдаалды талкуулаганы кабарланган. Жыйынга Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов, Сыртпай Мусаев, Исмаил Исаков өңдүү көрүнүктүү ишмерлер, жалпысынан он чакты киши катышканы маалым болгон. Абдыганы Эркебаевдин айтымында, жолугушууда Жээнбеков президенттиктен жакында кетпей турганын билдирген:

“Он кишинин алдында «мен кетпейт» деп айтты эле. Мен акырына чейин турам деген. Анан бул жерде ачык айтканда кысым менен биз билбеген жагдайлар бар окшойт. Мен Жогорку Кеңеш да иштей албай калат го деп ойлоп турам. Иши кылып укуктук жактан башаламандык болот. Булар кворумга чогула албай, ошол боюнча тарап кетип, анан Садыр Жапаров башкарып калат го. Тилегеним эле кан төгүлүү болбосун”, деди Эркебаев.

Эми Жогорку Кеңеш президенттин отсавкасын кабыл алуу боюнча сессияга чогулуусу керек. 

Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алгандыгы боюнча маалымат президенттин сайтына бүгүн чыкты. Буга чейин анын кызматын тапшыруусун премьер-министрликке кече бекиген Садыр Жапаровдун тарапташтары талап кылып, бир канча күндөн бери митинг уюштуруп жаткан. Нааразычылык акциялары Бишкекте азыркы тапта да уланууда. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>