Эркек кишини балта менен чапкан. Бишкекте маданият министринин мурдагы орун басары кармалды

Бишкек шаарындат жаранды балта менен чапкан деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер жана мурдагы маданият министринин орун басары Канат Шабданбаев кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-ноябрда, болжол менен саат 17:34тө Ленин райондук милиция бөлүмүнө Улуттук госпиталдын микрохирургия бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда 35 жаштагы Б. Э. аттуу жаран сол колунун экинчи манжасынын кесилгени жана ачык сынык менен ооруканага жаткырылганы маалымдалган. Ага «К.» аттуу жаран балта менен кол салганы айтылган.
Жабырлануучу арыз берип, анда ошол эле күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Бишкектеги Асаналиев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жаңжал чыкканын билдирген. Анын айтымында, 43 жаштагы үйдүн ээси Ш. К. жубайы К. А. менен кат жазышууга байланышкан кызганычтан улам чыккан уруш маалында спорттук сумкасынан балтаны алып чыгып, “экөөңөрдү тең өлтүрөм” деп коркутуп, ага кол салган.
Биринчи сокку жабырлануучунун сан жагына, экинчиси сол колунун сөөмөйүнө тийип, манжанын бир бөлүгү кесилип кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Өзгөчө мыкаачылык менен ден соолукка зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Ш. К. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Укук коргоо органдарынын маалыматында, шектүү Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешине көп мандаттуу №27 шайлоо округу боюнча талапкер катары катталган. Ошондой эле ал буга чейин маданият министринин орун басары болуп иштеген.