“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жетекчиси президенттин пресс-катчысы менен жолугушту

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жетекчиси президенттин пресс-катчысы менен жолугушту

Президенттин пресс-катчысы Аскат Алагөзөв “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” жаңы дайындалган вице-президенти Никола Карим менен жолугушту.

Аскат Алагөзөвдүн билдирүүсүндө, баарлашуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына тиешелүү актуалдуу маселелер тууралуу сөз болду.

«Тактап айтканда, президент Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарынын коомдун турмушундагы маанилүүлүгүн ар дайым белгилеп келерин айттым. Мындан тышкары жолугушууда өлкөнүн мыйзамдарын сактоонун маанилүүлүгү талкууланды. Окуяларды тең салмактуу чагылдыруу, анын ичинде коомчулук үчүн позитивдүү жаңылыктардын үлүшүн жогорулатуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду», — дейт президенттин маалымат катчысы.

Жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Борбор Азия кызматтарынын башчысы Хамид Исмаилов, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын Бишкек бюросунун башчысы Бакытбек Асанов да катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Тэги: жолугушуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>